Токтомдор

Кара-Бак айылдык кенешинин 25. 09. 2023-ж сесииясына кабыл алынган токтомдор


 
ТОКТОМ № 65
Кара-Бак айылы                                                                            2023-жыл  25-сентябрь.
 
 
Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXVIII
Сессиясы
 
Кара-Бак, Кызыл-Бел, Дөбө айылдарынын башкы планы жөнүндө
 
 
           Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамына ылайык, Мамлекеттик шаар куруу жана архитектура долбоорлоо институтунун Оштогу филиалы тарабынан даярдалган  Кара-Бак, Кызыл-Бел, Дөбө айылдарынын башкы планын  бекитип берүүгө макулдук берүү  максатында     Кара-Бак айылдык кеңеши
 
ТОКТОМ КЫЛАТ:
 
1.Кара-Бак айыл өкмөтүнүн Кара-Бак, Кызыл-Бел, Дөбө айылдарынын башкы планы айрым өзгөртүү, толуктоолор менен бекитүүгө макулдук берилсин.
2.Ушул  токтомдун  аткарылышын  көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасына тапшырылсын. 
 
 
 
Айылдык кеңештин төрайымы                                   Ж.Шадиманова
 
 
 
 
 
               
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
ТОКТОМ № 66
Кара-Бак айылы                                                                            2023-жыл  25-сентябрь.
 
Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXVIII
Сессиясы
Пайдаланып жүргөн жер аянттарын жеке менчикке бекитип берүүгө макулдук берүү жөнүндө
 
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”  мыйзамына ылайык, Кара-Бак айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиянын №13 протоколунун негизинде  пайдаланып жүргөн жер аянттарын жеке менчикке бекитип берүүгө макулдук берүү максатында  Кара-Бак айылдык кеңеши
 
ТОКТОМ  КЫЛАТ:
1.Кара-Бак айыл өкмөтүнүн аймагындагы төмөнкү тургундардын:
  1. Абдирайимова Карачач Салайдиновна    0,15 га 8-01-09-1001-0634
  2. Мамытова Күмүшай Ашымовна               0,15 га 8-01-09-1001-1053
  3. Ноорузова Махсуда Розиковна                  0,15 га 8-01-09-1001-1472
  4. Мурадова Чолпон Сапаровна                    0,15 га 8-01-09-1002-0548
  5. Шакиритдин кызы Акбермет                     0,15 га 8-01-09-1001-0728
  6. Нажимидинова Нарынбүбү Бадирдиновна-0,10 га
  7. Каныбек уулу Жумадил                              0,15 га 8-01-09-1003-0010
  8. Назарбек кызы Динара                               0,10 га 8-01-09-1001-1830
  9. Таирбек кызы Гүлбурак                              0,10 га 8-01-09-1002-0985
  10. Хуснидин кызы Мастура                            0,15 га 8-01-09-1001-0697
  11. Тойчубекова Гүлмира Темирбаевна          0,15 га 8-01-09-1001-0084
мурдатан бери турак-жай салып  пайдаланып келген жер аянттарын мыйзам чегинде жеке менчикке бекитип берүүгө макулдук берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы,  Кара-Бак айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына тапшырылсын.
 
 
Айылдык кеңештин төрайымы                                   Ж.Шадиманова.
 
 
 
 
 
ТОКТОМ №67
Кара-Бак айылы                                                                            2023-жыл  25-сентябрь.
 
Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXVIII
Сессиясы
 
Кара-Бак айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине кабыл алуу жөнүндө
 
 
           Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 15-мартындагы №37   “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөгү” мыйзамына ылайык, Кара-Бак айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиянын мүчөсү А.Дилишатовтун билдирүүсүн эске алып, талкуулап Кара-Бак айыл өкмөтүнүн Алты-Адыр участкасындагы башкы планда көрсөтүлгөн  логистикалык борбор курууга бөлүнгөн 0,20 га жер аянтын муниципалдык менчикке кабыл алуу жана тамчылатып сугарууга бөлүнгөн 28,0 га жер аянтын өнүгүү программасына киргизүү максатында Кара-Бак айылдык кеңеши
 
ТОКТОМ КЫЛАТ:
 
  1. Кара-Бак айыл өкмөтүнүн Алты-Адыр участкасынан  логистикалык борбор курууга бөлүнгөн 0,20 га жер аянтын муниципалдык менчикке кабыл алууга макулдук берилсин.
  2. Алты-Адыр участкасынан тамчылатып сугарууга бөлүнгөн 28,0 га жана Алты-Адыр участкасынан  логистикалык борбор курууга бөлүнгөн 0,20 га жер аянты Кара-Бак айыл өкмөтүнүн социалдык экономикалык өнүгүү программасына киргизсин.
2.Ушул  токтомдун  аткарылышын  көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасына тапшырылсын. 
 
 
 
 
 
Айылдык кеңештин төрайымы                                   Ж.Шадиманова
 
 
 

 
ТОКТОМ № 68
Кара-Бак айылы                                                                            2023-жыл  25-сентябрь.
 
Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXVIII
Сессиясы
 
 
Жер аянтын түрүн которууга макулдук берүү  жөнүндө
 
 
           Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамына ылайык, Кара-Бак айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиянын З. Осмоновдун билдирүүсүн эске алып, талкуулап жер аянтын түрүн которууга макулдук берүү  максатында     Кара-Бак айылдык кеңеши
 
ТОКТОМ КЫЛАТ:
 
  1. Кара-Бак айыл өкмөтүнүн Достук айылындагы
№706 контурунда жайгашкан 0,10 га жер аянты айдоо жер(парник),  
№707 контурунда жайгашкан 0,66 га жер аянты таштуу жайыт жер,
№708 контурунда жайгашкан 0,53 га жер аянты таштуу жайыт жер,
№559 контурунда жайгашкан 0,77 га жер аянты таштуу жайыт жер,
№560 контурунда жайгашкан 0,23 га жер аянты таштуу жайыт жер,
№ 12 контурунда жайгашкан 0,11 га жер аянты жайыт жер,
Жалпы 2,40 га жер аянтын “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Калктуу конуштардын жерлери” категориясына которууга макулдук берилсин.
 
  1. Ушул  токтомдун  аткарылышын  көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасына тапшырылсын. 
 
 
 
 
Айылдык кеңештин төрайымы                                   Ж.Шадиманова
 
 
  

 
ТОКТОМ № 69
Кара-Бак айылы                                                                            2023-жыл  25-сентябрь.
 
Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXVIII
Сессиясы
 
 
Аялдамалардын ордун тактап ижарага берүүгө макулдук берүү жөнүндө
 
           Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамына ылайык, Кара-Бак айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы З. Осмоновдун билдирүүсүн эске алып, талкуулап Кара-Бак, Кызыл-Бел, Дөбө, Чет-Кызыл айылындарындагы аялдамалардын ордун тактап ижарага берүүгө  макулдук берүү  максатында     Кара-Бак айылдык кеңеши
 
ТОКТОМ КЫЛАТ:
 
1.Кара-Бак айыл өкмөтүнүн Кара-Бак, Кызыл-Бел, Дөбө, Чет-Кызыл айылдарындагы аялдамалардын ордун тактап ижарага берүүгө  макулдук берилсин.
2.Ушул  токтомдун  аткарылышын  көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасына тапшырылсын. 
 
 
 
 
 
 
Айылдык кеңештин төрайымы                                   Ж.Шадиманова
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 

 
ТОКТОМ № 70
Кара-Бак айылы                                                                            2023-жыл  25-сентябрь.
 
Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXVIII
Сессиясы
 
Кара-Бак айыл  өкмөтүнүн жергиликүү бюджетинин сметасына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
           Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамына ылайык, Кара-Бак Кеңешинин финансы, экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын 11.08.2023-ж №2 протоколунун негизинде  комиссиясынын мүчөсү Р. Султановдун  билдирүүсүн эске алып, угуп жана талкуулап Кара-Бак айылдык кеңеши
Токтом кылат 
1. Кара-Бак а/ө 2023-жылдын 3-кварталындагы сметалар боюнча
3111-статьядан 1229,8 миң сом жана 2221-статьядан 980,2 миң сом,
жалпы -2210 миң сомду:
  1. Түрдүү чыгымдар жана
кызмат көрсөтүүлөр боюнча           2215 статьясына -1972,0 миң сом;
  1. Сапардык чыгымдар үчүн                   2211 статьясына  -60,0 миң сом,
  2. ГСМ үчүн                                            2214 статьясына  -156,0 миң сом
  3. ЖОАБ нун взносу үчүн                      2621статьясына   -22, миң сомду жылдырылсын.
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин финансы маселеси боюнча комиссиянын төрагасына тапшырылсын.
 
 
 
 
Айылдык кеңештин төрайымы                                   Ж.Шадиманова
 
 
 
 

 
ТОКТОМ № 71
Кара-Бак айылы                                                                            2023-жыл  25-сентябрь.
 
Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXVIII
Сессиясы
 
 
Мекеме ишканалар айланасында санитардык-гигиеналык талаптарды сактоого милдеттендирүү жөнүндө
 
 
           Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамына ылайык, Кара-Бак айылдык кеңешинин Мыйзамдуулук жана инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиянын мүчөсү Д. Сапаровдун билдирүүсүн эске алып, угуп жана талкуулап   Кара-Бак айылдык кеңеши
 
 
ТОКТОМ КЫЛАТ:
 
         1. Кара-Бак айыл аймагындагы мекеме ишканалар (мектептер, мечиттер, дүкөндөр) менчигинин түрүнө карабай ишмердүүлүк жүргүзгөн аймагынын айланасында таштанды урнасын орнотуп, тазалыкты санитардык-гигиеналык талаптарды сактоого милдеттендирүү жана бир жылда бир жолу таштанды үчүн төлөнүүчү 450 сом салыктан бошотууга макулдук берилсин.
         2. Ишмердүүлүк жүргүзгөн аймагынын айланасында тазалыкты, санитардык-гигиеналык талаптарды аткарбаган мекеме ишканаларга айып пулу 1000 сом мечиттерге 500 сом болуп бекитилсин.
2. Урналарга чогулган таштандыны алып кетүү жагы айыл өкмөтүнө тапшырылсын. 
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин Мыйзамдуулук жана инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиянын төрагасына тапшырылсын.
 
 
Айылдык кеңештин төрайымы:                                  Ж.Шадиманова
 
 
 
 

 
ТОКТОМ № 72
Кара-Бак айылы                                                                            2023-жыл  25-сентябрь.
 
Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXVIII
Сессиясы
 
 
Алты-Атыр жаңы конушуна  айыл макамын берүү жөнүндө.
 
 
         Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына ылайык, Кара-Бак айылдык кеңешинин Мыйзамдуулук жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссиясынын мүчөсү Д. Сапаровдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Алты-Атыр калктуу конушуна айыл статусун берүү максатында Кара-Бак айылдык кеңеши
 
ТОКТОМ  КЫЛАТ:
1. Кара-Бак айыл өкмөтүнө караштуу Алты-Атыр участкасындагы калктуу конушка айыл статусун берүүгө макулдук берилсин.
2 Алты-Атыр калктуу конушуна айыл статусун берүү боюнча иш кагаздарын даярдап айыл өкмөтү тарабынан Кыргыз Республикасынын компетенттүү органдарына сунушталсын.
  3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин Мыйзамдуулук жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына тапшырылсын.
 
 
 
 
Айылдык кеңештин төрайымы:                                  Ж.Шадиманова
 
 
 
 
 
 
 
 

 
ТОКТОМ № 73
Кара-Бак айылы                                                                            2023-жыл  25-сентябрь.
 
Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXVIII
Сессиясы
 
Кара-Бак айыл өкмөтүнүн Кара-Бак айылынын түшүк чыгыш тарабындагы аты жок көчөгө ат коюу жөнүндө
 
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына ылайык, жергиликтүү жамааттын чогулушунун протоколдорун карап,   Кара-Бак айылдык кеңешинин Мыйзамдуулук жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссиясынын мүчөсү Д. Сапаровдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кара-Бак айылдык кеңеши
ТОКТОМ  КЫЛАТ
  1. Кара-Бак айылынын түшүк чыгыш тарабындагы аты жок көчөгө Абдираимов Араптын атын берүүгө макулдук берилсин.
  2. Токтом мыйзамсыз курулуштарга мунапыс документтери
толук бүткөндөн кийин күчүнө кирсин. 
  1. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин Мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына тапшырылсын.
 
 
 
 
 
Айылдык кеңештин төрайымы:                                  Ж.Шадиманова
 
 
 
 
 
 
 
 
 

 
ТОКТОМ № 74
Кара-Бак айылы                                                                            2023-жыл  25-сентябрь.
 
Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXVIII
Сессиясы
 
 
Кара-Бак айылдык кеңешинин мурда чыккан токтомуна өзгөртүү киргизүү  жөнүндө
 
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына ылайык, Кара-Бак айылдык кеңешинин Мыйзамдуулук жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссиясынын № 7 протоколунун негизинде комиссиянын мүчөсү Д. Сапаровдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кара-Бак айылдык кеңеши
ТОКТОМ  КЫЛАТ
1. 2023-жылдын  27-мартындагы Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXII Сессиясынын №14 токтомунда 9-катарда Ширинова Бахтигул Жумахмадовна паспортунун негизинде Шарипова Бахтигул Жумахмадовна болуп окулсун.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин Мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына тапшырылсын.
 
 
Айылдык кеңештин төрайымы:                                  Ж.Шадиманова
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 

 
ТОКТОМ № 75
Кара-Бак айылы                                                                            2023-жыл  25-сентябрь.
 
Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXVIII
Сессиясы
 
 
Кара-Бак айылдык кеңешинин мурда чыккан токтомуна өзгөртүү киргизүү  жөнүндө
 
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына ылайык, Кара-Бак айылдык кеңешинин Мыйзамдуулук жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссиясынын № 7 протоколунун негизинде комиссиянын мүчөсү Д. Сапаровдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кара-Бак айылдык кеңеши
ТОКТОМ  КЫЛАТ
1. 2023-жылдын  1-июлундагы Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXVII Сессиясынын №56 токтомунда 7-катарда Ташпулатова Гулзат Абдукалаковна -0,1 болуп ката жазылган, арызынын жана изилдөө актынын негизинде 0,15 га болуп өзгөртүлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин Мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына тапшырылсын.
 
 
 
 
Айылдык кеңештин төрайымы:                                  Ж.Шадиманова