Токтомдор

Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын Кезектеги XXXI сессиясы


 
ТОКТОМ № 79
Кара-Бак айылы                                                                                  2023-жыл  18-октябрь.
 
Кара-Бак  айылдык кеңешинин   VII  чакырылышынын
Кезектеги XXXI сессиясы
Кара-Бак КААБ нун ишмердигин иш пландын негизинде кароо жөнүндө
 
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына ылайык, КААБ иш пландын негизинде карап чыгып, Кара-Бак айылдык кеңешинин Мыйзамдуулук жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы М.Темиркуловтун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кара-Бак айылдык кеңеши
 
ТОКТОМ  КЫЛАТ:
  1. КААБ нун 2023-жылдын тогуз ай ичинде аткарылган иштери боюнча отчету канааттандырарлык деп табылсын.
  2. КААБ курамындагы төмөкү өзгөрүүлөр бекитилсин:
2.  Медет уулу Кенешбектин ордуна -      Ырысбек кызы Айчүрөк
3.  Балдар иштери боюнча инспектор Нематов Умардын ордуна
– Балдар иштери боюнча инспектор Нарматов Мунар.
3. Аксакалдар соту кызматына бир адамды сунуштоо айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
4.  Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин Мыйзамдуулук жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына тапшырылсын.
 
 
 
Айылдык кеңештин төрайымы                                   Ж.Шадиманова
 
 
 
 
 
 
 
 
 



 
ТОКТОМ № 80
Кара-Бак айылы                                                                                  2023-жыл  18-октябрь.
 
Кара-Бак  айылдык кеңешинин   VII  чакырылышынын
Кезектеги XXXI сессиясы
Пайдаланып жүргөн жер аянттарын жеке менчикке бекитип берүүгө макулдук берүү жөнүндө
 
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына ылайык, Кара-Бак айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы З. Осмоновдун билдирүүсүн эске алып, талкуулап пайдаланып жүргөн жер аянттарын жеке менчикке бекитип берүүгө макулдук берүү максатында  Кара-Бак айылдык кеңеши
 
ТОКТОМ  КЫЛАТ:
1.Кара-Бак айыл өкмөтүнүн аймагындагы төмөнкү тургундардын:
  1. Абдыллаева Канайым Айтбаевна  0,15 га 8-01-09-1002-0775
  2. Уразов Гиёз Маназарович              0,15 га 8-01-09-1001-1053
мурдатан бери турак-жай салып  пайдаланып келген жер аянттарын мыйзам чегинде жеке менчикке бекитип берүүгө макулдук берилсин.
 
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы,  Кара-Бак айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы З.Осмоновго тапшырылсын.
 
 
 
 
 
Айылдык кеңештин төрайымы                                   Ж.Шадиманова
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 


 
ТОКТОМ № 81
Кара-Бак айылы                                                                                  2023-жыл  18-октябрь.
 
Кара-Бак  айылдык кеңешинин   VII  чакырылышынын
Кезектеги XXXI сессиясы
 
Тамчылатып сугаруу менен бак өстүрүүгө көп жылдык мөөнөткө ижарага берүү  жөнүндө.
 
           Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”  мыйзамына  ылайык, Кара-Бак айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиянын мүчөсү А. Дилишатовдун билдирүүсүн эске алып, талкуулап  Кара-Бак айылдык кеңеши
 
 
ТОКТОМ КЫЛАТ
 
  1.  Кара-Бак айыл өкмөтүнүн Алты-Адыр жаны конушуна муниципалдык бак өстүрүү үчүн 24 га жер аянтын 25 жылдык мөөнөткө жылдык ижара акысы жер салыгы, соц төлөмү менен 1500 сом өлчөмүндө ижарага берүүгө  макулдук берилсин.
 
  1. Ушул  токтомдун  аткарылышын  көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасына тапшырылсын. 
 
 
 
Кара-Бак айылдык
Кенешинин төрайымы                                          Ж.Шадиманова
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 


 
ТОКТОМ № 82
Кара-Бак айылы                                                                                  2023-жыл  18-октябрь.
 
Кара-Бак  айылдык кеңешинин   VII  чакырылышынын
Кезектеги XXXI сессиясы
 
Кара-Бак айыл аймагында  мектептер жана бала бакчалардын кышка карата даярдыгы жөнүндө
 
           Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына ылайык, Кара-Бак айыл аймагында мектептердин жана бала бакчалардын кышка карата даярдыгы боюнча түзүлгөн атайын комиссиянын аткарган иштери жөнүндө отчётун бекитүү максатында Кара-Бак айылдык кеңеши
 
ТОКТОМ  КЫЛАТ:
 
  1. Кара-Бак айыл аймагында мектептердин жана бала бакчалардын кышка карата даярдыгы жана  мектептердин жана бала бакчалардын кышка карата даярдыгы боюнча түзүлгөн атайын комиссиянын аткарган иштери канааттандырарлык деп табылсын.
 
  1. Дөбө орто мектебинин көйгөйлүү маселелери тууралуу министрлер кабинетине, билим берүү министрине жана Наристе балдар бакчасын ондоо боюнча КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө  Кара-Бак айылдык кенештин атынан кат жөнөтүлсүн.
 
  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин төрайымынын орун басары Ф. Акматалиевге тапшырылсын.
 
 
 
 
 
 
Кара-Бак айылдык
Кенешинин төрайымы                                          Ж.Шадиманова