Токтомдор

Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXI Сессиясы

ТОКТОМ №6
Кара-Бак айылы                                                          2023-жылдын  16-февраль     
Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXI
Сессиясы
Кара-Бак айыл өкмөтүнүн 2023-жылга карата бюджетинин долбоорун жана 2024-2025-жылдарга болжомолун бекитүү жөнүндө
 
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” 2021-жылдын  20-октябры    № 123 мыйзамынын  3-главасынын 34-беренесинин 2-пунктунун 2-пунктчасына жана Кара-Бак айылдык кеңешинин Экономика-финансы, бюджет, салык маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусуна ылайык Кара-Бак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
 
1.Кара-Бак айыл өкмөтүнүн 2023-жылга каралган жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгү 33343,2 миң сом  жана                2024-жылга болжомолу 36661,2 миң сомго, 2025-жылга болжомолу 37783,9 миң сомго бекитилсин.
2.Кара-Бак айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2023-жылга киреше бөлүгү №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Кара-Бак айыл өкмөтүнүн менчигине түшүүчү жер салыктарынын чегерүү өлчөмдөрү №2 тиркемеге ылайык бекитилсин.
4. 2023-жылга жергиликтүү бюджетинен каржылануучу  бюджеттик мекемелерге  каралган чыгымдар: жалпы  33343,2 миң сом  өлчөмүндө №3 тиркемеге бекитилсин (статьялар боюнча тикелет).
5. 2023-жылга айыл өкмөтүнун кайра бөлүштүрүү фондундагы жерлерден түшкөн ижара акысы 1 156,5 миң сом өлчөмүндө №4 тиркемеге ылайык бекитилсин.
6.  2023-жылга Кара-Бак айыл өкмөтүнүн резевдик фонду №5 тиркемеге ылайык бекитилсин.
7.Кара-Бак айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2024-2025-жылдарга болжомолу №7 тиркемеге ылайык бекитилсин.
8. 2023-жылга айыл өкмөт аймагында өзгөчө кырдаал катталган учурда, өзгөчө кырдаал үчүн 1000,0 миң сомго чейин акча каражаты бөлүнүп берилсин.
9. Айыл өкмөтү жергиликтүү бюджетинин 2023-жылдын жыл башында калган бюджеттик калдыктары №8 тиркемеге ылайык бөлүштүрүлсүн.
10. Токтом мамлекеттик реестрине катталуу үчүн Баткен облустук юстиция башкармасына жиберилсин.
11. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин Экономика-финансы, бюджет, салык маселелери боюнча  туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
 
Айылдык кеңештин төрайымы                                       Ж.Шадиманова
Кара-Бак айылдык кеңешинин  VII чакырылышынын    кезектеги XXI сессиясынын      № 6  токтомуна
                                                                               № 1- тиркеме                                
                                                                                                                                           
  1. Атуулдардын эмгек акыларынан алынуучу салык                       9480,0
  2. Бирдиктүү салык                                                                                   0,0
  3. Транспорт каражатынан түшкөн салык                            1350,0
  4. Кыймылсыз мүлк салыгы                                                    75,0
  5. Тамарка жер салыгы                                                         430,0
  6. Айыл чарба багытында эмес жер салыгы                                        196,0
  7. Элдердин участкаларынын ижара акысы (дача)                           96,8
  8. Таза жана техник.суулардан                                                                2,0
  9. Милдеттүү патент                                                              0,0
  10. Ыктыярдуу патент                                                             960,0
  11. Кайра бөлүштүрүү фондунун ижара акысы                                  1156,5
  12. Жайыт жерлерин ижарага берүүдөн тушкөн салык                    348,4
  13. Таштанды чыгаруу үчүн чогултулуучу салык                            32,3
  14. Айыл чарба багытында эмес жер сатуу                                             80,0
  15. Теңдөөчү трансферт                                                                       19138,0
                                     
                                       Жалпы кирешелер:                                                                          33343,2
№2 тиркеме                                                                                                                                                                    Кара-Бак айыл өкмөтүнүн бюджетинин менчигине түшүүчү жер салыктарынын чегерүү      өлчөмдөрү төмөндөгүдөй болуп бекитилсин:                                                                                          айыл өкмөттүн бюджетине 100%
№3 тиркеме                                                                                                                                                       2023-жылга жергиликтүү бюджеттен каржылануучу бюджеттик мекемелерге каралган чыгымдар: жалпы 33343,2 миң сом өлчөмүндө статьялар боюнча тиркелет.
№4 тиркеме                                                                               
2023-жылга айыл өкмөттүн кайра бөлүштүрүү фондундагы жерлерден түшкөн ижара акысы 1156,5 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
№5 тиркеме                                                                                      
Айыл өкмөтүнүн 2022-жылга резервдик фонду 220,0 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
Айыл өкмөтүнүн бюджети:
Жалпы  33343,2 сом менен бекитилсин. 
 
        Жооптуу катчы:                                          К. Амиракулов
Кара-Бак айылдык кеңешинин  VII чакырылышынын    кезектеги XXI сессиясынын № 6  токтомуна
                                                                                  №8 тиркеме                                
                  
 
 
2023-жылдын жыл башына калган бюджеттик калдыктардын бөлүнүшү:
  1. Аппарат бөлүмүнүн 2211 ст- 44,1 минсом, 2215 ст-405,0 мин сом, 2222 ст- 220,0 мин сом, 3112 ст – 845,0 миң сом
 Бюджеттик калдыктардын баары:  1514,1 миң сом
 
2023-жылдын жыл башына калган атайын каражат эсебинин калдыктарынын бөлүнүшү:
  1. Аппарат бөлүмүнүн 2215 ст-230,0 мин сом, 2222 ст-335,2 ммин сом.
 
Атайын каражаттардын баары:     565,2 миң сом
 
                   Баары болуп: 2079,4 миң сом.
 
  
  Жооптуу катчы:                                          К. Амиракулов
 
 
 

ТОКТОМ №7
Кара-Бак айылы                                                          2023-жылдын  16-февраль     
Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXI
Сессиясы
 
Балдар бакчасына кошумча  тайпа ачууга макулдук берүү жөнүндө
 
Кара-Бак айыл өкмөтүнүн кара-Бак айылындагы “Кулунчак”  балдар бакчасынын башчысы  К.Акматованын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 30-апрелиндеги №92 “Билим берүү жөнүндөгү” Мыйзамынын 36-беренесинин негизинде  Кара-Бак айылдык кеңеши
 
ТОКТОМ  КЫЛАТ:
 
1.“Кулунчак” балдар бакчасына кошумча 2 тайпа ачууга макулдук берилсин. 
2. Керектүү иш-кагаздарын даярдап, билим берүү бөлүмүнө тапшыруу жагы балдар бакчасынын башчысы  К.Акматовага жүктөлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына тапшырылсын.
 
 
Айылдык кеңештин төрайымы                                     Ж.Шадиманова



ТОКТОМ №8
Кара-Бак айылы                                                          2023-жылдын  16-февраль     
Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXI
Сессиясы

Айыл чарба багытындагы пайдаланылбай жаткан жер аянттарын Сот аркылуу кайтаруу жөнүндө
 
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына ылайык, Кара-Бак айылдык кеңешинин жер маселелри боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн эске алып, угуп жана талкуулап Кара-Бак айылдык кеңеши
ТОКТОМ  КЫЛАТ:
1.Кара-Бак айыл өкмөтүнүн Алты-Адыр участкасындагы мурда жеке  жарандарга айыл өкмөтү тарабынан токтом чыгып, Айыл чарба багытындагы жер аянттарын максаттуу пайдаланылбай жаткандыгын жана эч бир ижара, салык төлөм төкпөгөнүктөрүн эске алып, жер аянттарын айыл өкмөткө кайтарууга тиешелүү чечим чыгарууга Сотко берүүгө макулдук берилсин.
2.Ушул токтомдун негизинде тишелүү иш алып баруу жагы Кара-Бак айыл өкмөтүнүн башчысына тапшырылсын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин төрагасынын орун басарына жүктөлсүн тапшырылсын.
 
 
 
Айылдык кеңештин төрайымы                                  Ж.Шадиманова
 


ТОКТОМ №9
Кара-Бак айылы                                                          2023-жылдын  16-февраль     
Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXI
Сессиясы
       
   
Пайдаланып жүргөн жер аянттарын жеке менчикке бекитип берүүгө макулдук берүү жөнүндө
 
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына ылайык, Кара-Бак өкмөтүнүн башчысынын билдирүүсүн угуп, талкуулап пайдаланып жүргөн жер аянттарын жеке менчикке бекитип берүүгө макулдук берүү максатында  Кара-Бак айылдык кеңеши
 
ТОКТОМ  КЫЛАТ:
1.Кара-Бак айыл өкмөтүнүн аймагындагы төмөнкү тургундардын:
 
1. Назарова Сайдагул Турдалиевна Чет-Кызыл 8-01-09-1003-0199
2.Ахмедова Сайрам Маноновна - 0,10 га Кызыл-Бел айылы
3. Тагаева Замира Насиридиновна - 0,10 га Кызыл-Бел айылы
4.Муродов Косимбек Бегжонович —0,10 га Кызыл-Бел 8-01-09-1002-0129
5.Кушкеева Караматкан Жигиталиевна-0,10 га Кара-Бак 8-01-09-1001-1632
6.Коңурбай к Чынара-226,8м2 Кара-Бак 8-01-09-1001-1531
7.Салиева Мехрихон Юсуповна - 0,08 га Кара-Бак 8-01-09-1001-1149
 
8.Абдураимова Сара Юсуповна -0,15-га Кызыл-Бел 8-01-09-1002-0594
9.Кожоева Каныкей Раимкуловна - Кара-Бак 8-01-09-1001-0906
10.Мукимжан кызы Умида - 0,10 га Кызыл-Бел 8-01-09-1002-1144
11.Абдиллаева Анар         0,10 га Кызыл-Бел 8-01-09-1002-2380
12.Маматова Алтынай Топчубаевна Кара-Бак 8-01-09-1001-0202
13.Темирбаев Бактиер Исаевич -0,10 га Кызыл-Бел айылы
14.Жусупова Жыпаргул Маматгазиевна -010 га Чет-Кызыл 8-01-09-1003-0424

мурдатан бери турак-жай салып  пайдаланып келген жер аянттарын мыйзам чегинде жеке менчикке бекитип берүүгө макулдук берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы,  Кара-Бак айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы З.Осмоновго тапшырылсын.
 
 
Айылдык кеңештин төрайымы                                      Ж.Шадиманова
   
   
ТОКТОМ №10
Кара-Бак айылы                                                          2023-жылдын  16-февраль     
Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXI
Сессиясы
           
       Жөлөк пул алууга иш кагаздарын тапшырууга кезекке туруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына ылайык, Кара-Бак айылдык кеңешинин социалдык маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн угуп, талкуулап   Кара-Бак айылдык кеңеши
 
ТОКТОМ  КЫЛАТ:
1.Кара-Бак айыл өкмөтүнүн Кара-Бак айылында жөлөк пул алуучу тургундар иш кагаздарын тапшыруу күнү саат 9:00 гө келип чүчү кулак аркылуу гана кезекке коюлсун.
2.Чүчү кулак уюштуруп, токтомго ылайык тартипке салуу жагы         Кара-Бак айыл өкмөтүнө, социалдык маселелер боюнча адисине жана иш кагаздар боюнча адиси О.Пайзуллаевага жүктөлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына тапшырылсын.
 
 
 
Айылдык кеңештин төрайымы                                  Ж.Шадиманова

ТОКТОМ №11
Кара-Бак айылы                                                          2023-жылдын  16-февраль     
Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXI
Сессиясы
Алты-адыр участкасындагы 28,0 га тамчылатып суугаруу жер аянтын таза суу ишканасына пайдаланууга берүү жөнүндө
 
   Кара-Бак айылдык кеңешинин жер комитетинин билдирүүсүн угуп жана талкуулап  Алты-адыр участкасындагы 28,0 га тамчылатып суугаруу жер аянтын таза суу ишканасына пайдаланууга берүү максатында Кара-Бак айылдык кеңеши
ТОКТОМ  КЫЛАТ:
 
1. Алты-адыр участкасындагы 28,0 га тамчылатып суугаруу жер аянтын “Алты-Адыр” ичүүчү суу керектөөчүлөрдүн айылдык коомдук бирикмесине пайдаланууга берүүгө макулдук берилсин.
 2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин жер маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы З.Осмоновго тапшырылсын.
 
 
Айылдык кеңештин төрайымы                                     Ж.Шадиманова


ТОКТОМ №12
Кара-Бак айылы                                                          2023-жылдын  16-февраль     
Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXI
Сессиясы

Жер аянтын трансформациялоого макулдук берүү жөнүндө
 
 
           Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июль айындагы    145  "Жерлерди которуу ( трансформациялоо) жөнүндөгү" мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 13-беренесинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы № 169 сандуу токтомун жетекчиликке алып, Дөбө айылында мүрзөгө жер бөлүү үчүн жер аянтын которууга макулдук берүү    максатында Кара-Бак айылдык кеңеши
 
Токтом кылат
 
1.Кара-Бак айыл өкмөтүнүн Дөбө айылына мүрзө үчүн                       №362-контурда жайгашкан 4,60 га таштуу жайыт жер аянтын “Айылчарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга макулдук берилсин.
2. Жогоруда белгиленген жер аянтынын мындан аркы трансформациялоо иш кагаздарын даярдоо жагы Кара-Бак айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
3.  Ушул  токтомдун  аткарылышын  көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасына тапшырылсын. 
 
 
Айылдык кеңештин төрайымы                                   Ж.Шадиманова