Токтомдор

Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXXII сессиясы


 
ТОКТОМ № 83
Кара-Бак айылы                                                                             2023-жыл  14-ноябрь.
 
Кара-Бак  айылдык кеңешинин   VII  чакырылышынын
кезексиз XXXII сессиясы
 
Зардалы айылынын Ормузан көмүр кенин казууга тоо аянтчасын ажыратуу  жөнүндө
 
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”  мыйзамына  ылайык, жер боюнча туруктуу комиссиясынын билидрүүсүн угуп жана талкуулап Кара-Бак айылдык кеңеши
 
ТОКТОМ КЫЛАТ:
 
  1. “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасынын “Түштүк” филиалына Зардалы айылынын Ормузан көмүр кенин казууга 5 га, изилдөөгө 12 га, казылган топуракты төгүү үчүн 5 га жер аянтын пайдалануу үчүн берүүгө макулдук берилсин.
 
  1. Ушул  токтомдун  аткарылышын  көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык
 кеңешинин жер, боюнча туруктуу комиссиянын төрагасына тапшырылсын.
 
 
 
Кара-Бак айылдык кеңешинин төрайымы                       Ж.Шадиманова