Токтомдор

Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXX сессиясы

 
 
 
 


 
ТОКТОМ № 78
Кара-Бак айылы                                                                             2023-жыл  13-октябрь.
 
Кара-Бак  айылдык кеңешинин   VII  чакырылышынын
кезексиз XXX сессиясы
 
Баткен районунун аймагында административдик-аймактык реформа боюнча долбоор сунушун кароо жөнүндө
 
2023-2024-жылдарга Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусунун аймактарында администратвдик-аймактык реформанын концепциясын аткарууга алуу максатында, Баткен районунун аймагында  администратвдик-аймактык реформа боюнча сунуш долбоорун карап чыгып Кара-Бак айылдык кенешинин VII чакырылышынын кезектеги XXX   сессиясы
 
токтом кылат:
 
  1. Кызыл-Бел, Достук айылдары бөлүнүп өзүнчө айыл өкмөт болуусуна
макулдук берилип, Калктын көптүгү жана ресурс боюнча Кара-Бак айыл аймагынын Кара-Бак, Чет-Кызыл, Бай Кара-Бак, Дөбө, Зардалы айылдары өзүнчө Кара-Бак айыл өкмөтү болуп калсын.
 
  1. Ушул  токтомдун  аткарылышын  көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин мыйзамдулук, боюнча туруктуу комиссиянын төрагасына тапшырылсын.
 
 
 
Кара-Бак айылдык кеңешинин төрайымы                       Ж.Шадиманова