Токтомдор

Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXVII Сессиясы


ТОКТОМ №52
Кара-Бак айылы                                                                                2023-жылдын  1-июлу
 
Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXVII
Сессиясы

Жеке менчик турак-жай аянтынын багытын өзгөртүүгө макулдук жөнүндө
 
 
       Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына ылайык, Бай-Кара-Бак айылынын тургуну А.Гапарованын арызынын негизинде жеке менчик турак-жай аянтынын багытын өзгөртүүгө макулдук максатында  Кара-Бак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
           1. Бай-Кара-Бак айылынын тургуну А.Гапарованын 8-01-09-1003-0532 идентификациялык кодундагы өзүнүн 0,10 га жер аянтындагы жеке менчик үйү турак –жайдан социалдык обьекти багытына өзгөртүлсүн.
 
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы,  Кара-Бак айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы З.Осмоновго тапшырылсын.
 
 
Айылдык кеңештин төрайымы                                   Ж.Шадиманова



ТОКТОМ №53
Кара-Бак айылы                                                                                2023-жылдын  1-июлу
 
Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXVII
Сессиясы

Жер аянтын муниципалдык менчикке кабыл алуу  жөнүндө
 
 
           Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамына ылайык, Кара-Бак айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиянын мүчөсү А.Дилишатовтун билдирүүсүн эске алып, талкуулап жер аянтын Кара-Бак айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине кабыл алууга макулдук берүү  максатында     Кара-Бак айылдык кеңеши
 
ТОКТОМ КЫЛАТ:
 
1. Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын 23.05.2023-жылдагы №38т токтому менен Кара-Бак айыл өкмөтүнүн Кызыл-Бел айылынын Улак-Жай участкасында чек ара тозотун куруу үчүн  “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер”категориясына  которулган 1,0 га жер аянтын Кара-Бак айыл өкмөтүнүн  муниципалдык менчигине алууга макулдук берилсин.
2.Ушул  токтомдун  аткарылышын  көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасына тапшырылсын. 
 
 
Айылдык кеңештин төрайымы                                   Ж.Шадиманова



ТОКТОМ №54
Кара-Бак айылы                                                                                2023-жылдын  1-июлу
 
Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXVII
Сессиясы

Жер аянтын трансформациялоо үчүн даярдалган башкы пландын Эзкиздик долбоорун бекитүү жөнүндө
 
 
           Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамына ылайык, Кара-Бак айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиянын мүчөсү А.Дилишатовтун билдирүүсүн эске алып, талкуулап жер аянтын трансформациялоо үчүн даярдалган башкы пландын Эзкиздик долбоорун бекитип берүүгө макулдук берүү  максатында     Кара-Бак айылдык кеңеши
 
ТОКТОМ КЫЛАТ:
 
1.Кара-Бак айыл өкмөтүнүн Алты-Адыр участкасынан  261,0 га жер аянтын жана Зардалы айылынан 21,0 га жер аянтын калктуу конушка  трансформациялоо үчүн даярдалган башкы пландын Эзкиздик долбоорун бекитүүгө макулдук берилсин.
2.Ушул  токтомдун  аткарылышын  көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасына тапшырылсын. 
 
 
Айылдык кеңештин төрайымы                                   Ж.Шадиманова




ТОКТОМ №55
Кара-Бак айылы                                                                                2023-жылдын  1-июлу
 
Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXVII
Сессиясы

Жер аянтын түрүн которууга макулдук берүү  жөнүндө
 
 
           Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамына ылайык, Кара-Бак айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиянын мүчөсү А.Дилишатовтун билдирүүсүн эске алып, талкуулап жер аянтын түрүн которууга макулдук берүү  макулдук берүү  максатында     Кара-Бак айылдык кеңеши
 
ТОКТОМ КЫЛАТ:
 
1.Кара-Бак айыл өкмөтүнүн Алты-Адыр участкасындагы №165, №350, №378, №669 котурларындагы 109,0 га жайыт жерлерди көп жылдык бактар түрүнө которууга макулдук берилсин.
2.Ушул  токтомдун  аткарылышын  көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасына тапшырылсын. 
 
 
Айылдык кеңештин төрайымы                                   Ж.Шадиманова




ТОКТОМ №56
Кара-Бак айылы                                                                                2023-жылдын  1-июлу
 
Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXVII
Сессиясы

Пайдаланып жүргөн жер аянттарын жеке менчикке бекитип берүүгө макулдук берүү жөнүндө
 
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына ылайык, Кара-Бак айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиянын мүчөсү А.Дилишатовтун билдирүүсүн эске алып, талкуулап пайдаланып жүргөн жер аянттарын жеке менчикке бекитип берүүгө макулдук берүү максатында  Кара-Бак айылдык кеңеши
 
ТОКТОМ  КЫЛАТ:
1.Кара-Бак айыл өкмөтүнүн аймагындагы төмөнкү тургундардын:
1.Баитов Мухаммедали Файзуллоевич- 0,15га  8-01-09-1001-0837
2.Бердибаева Гүлбара Мамадаминована- 0,12 га 8-01-09-1001-0620
3.Тагаева Джумагуль Муллабдуллаевна –0,10га8-01-09-1002-0898
4.Маматова Гүлзат Саматовна –Кызыл-Бел
5.Акылбек кызы Феруза -  0,15 га  8-01-09-1002-2479
6.Сайфуллова Айнура Абдамиталиповна-0,15 га 8-01-09-1001-1211
7.Ташпулатова Гулзат Абдукалаковна - 0,1 га  8-01-09-1002-0597
 
мурдатан бери турак-жай салып  пайдаланып келген жер аянттарын мыйзам чегинде жеке менчикке бекитип берүүгө макулдук берилсин.
 
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы,  Кара-Бак айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы З.Осмоновго тапшырылсын.
 
Айылдык кеңештин төрайымы                                  Ж.Шадиманова



ТОКТОМ №57
Кара-Бак айылы                                                                                2023-жылдын  1-июлу
 
Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXVII
Сессиясы

Алты-Адыр калктуу конушунун  электрлештирүү схемесынын генпланын бекитүү жөнүндө
 
 
         Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамына ылайык, Кара-Бак айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиянын мүчөсү А.Дилишатовтун билдирүүсүн эске алып, талкуулап жер аянтын Кара-Бак айыл өкмөтүнүн Алты-Адыр калктуу конушунун  электрлештирүү схемесынын генпланын бекитип  берүү  максатында     Кара-Бак айылдык кеңеши
 
ТОКТОМ КЫЛАТ:
 
1. Кара-Бак айыл өкмөтүнүн Алты-Адыр калктуу конушунун  электрлештирүү схемесынын генпланы бекитилсин.
2.Ушул  токтомдун  аткарылышын  көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасына тапшырылсын. 
 
 
Айылдык кеңештин төрайымы                                   Ж.Шадиманова



ТОКТОМ №58
Кара-Бак айылы                                                                                2023-жылдын  1-июлу
 
Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXVII
Сессиясы

Маданият үйүн капиталдык ремонттон өткөрүүгө айыл өкмөттүк салым бөлүү жөнүндө
 
 
           Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамына ылайык, Кара-Бак айылдык кеңешинин финансы маселеси боюнча комиссиянын чечимин эске алып, угуп жана талкуулап   Кара-Бак айылдык кеңеши
 
 
ТОКТОМ КЫЛАТ:
 
1. Кара-Бак айылындагы айылдык маданият үйүн капиталдык ремонтон өткөрүү проектисине айыл өкмөттүк салым катары Кара-Бак айыл өкмөтүнүн  2023-жылдагы бюджетинен 2215 статьясына 907,9 миң сом акча каражаты бөлүнсүн.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин финансы маселеси боюнча комиссиянын төрагасына тапшырылсын.
 
Айылдык кеңештин төрайымы                                   Ж.Шадиманова





ТОКТОМ №59
Кара-Бак айылы                                                                                2023-жылдын  1-июлу
 
Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXVII
Сессиясы

Погрузчик техникасын пайдаланууга берүү жөнүндө
 
 
 
           Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамына ылайык, Кара-Бак айылдык кеңешинин финансы маселеси боюнча комиссиянын чечимин эске алып, угуп жана талкуулап   Кара-Бак айылдык кеңеши
 
 
ТОКТОМ КЫЛАТ:
 
1. Погрузчик техникасы Алты-Адыр таза-суу муниципалдык ишканасына пайдаланууга берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин финансы маселеси боюнча комиссиянын төрагасына тапшырылсын.
 
 
Айылдык кеңештин төрайымы                                   Ж.Шадиманова



ТОКТОМ №60
Кара-Бак айылы                                                                                2023-жылдын  1-июлу
 
Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXVII
Сессиясы

Кара-Бак айыл аймагынын жайыт комитетинин жылдык планын жана тарифин бекитүү жөнүндө
 
           Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамына ылайык, Кара-Бак айылдык кеңешинин финансы маселеси боюнча комиссиянын чечимин эске алып, угуп жана талкуулап  Кара-Бак айыл аймагынын жайыт комитетинин арызынын негизинде Кара-Бак айылдык кеңеши
 
 
ТОКТОМ КЫЛАТ:
 
1. Кара-Бак айыл аймагынын жайыт комитетинин жылдык планы жана  тарифин бекитилсин(1 барак тиркеме).
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин финансы маселеси боюнча комиссиянын төрагасына тапшырылсын.
Айылдык кеңештин төрайымы:                                  Ж.Шадиманова
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
Баткен обл, Баткен району,Кара-Бак айыл аймагынын Жайыт Пайдалануучулар Бирикмесинин жайыт акылары төмөнкүдөй баалар менен эсептелет.
    
                      Аталышы  ШМБ Сумасы
1 Кой-Эчки Бир башка 30
2 Уй,Топоз,Жылкы Бир башка 150
Козу,Улак,Торпокторго жайыт акы алынбайт.
 
Кара-Бак айыл аймагына бөлөк айылдардан келген малдарга.
 
                 Аталышы ШМБ Суммасы
1 Кой-Эчки Бир башка 60
2 Уй Топоз,Жылкы Бир башка 300
 
Мал жаюдан башка максатка пайдалану үчүн.
 
                        Аталышы        0,01га Сумасы
1 515-токтом менен түзүлгөн келишим. 0,01га 5,50т
 
 
 



ТОКТОМ №61
Кара-Бак айылы                                                                                2023-жылдын  1-июлу
 
Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXVII
Сессиясы

Сугат суу менен камсыз кылуу үчүн жергиликтүү бюджеттен каражат бөлүү жөнүндө
 
 
           Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамына ылайык, Кара-Бак айылдык кеңешинин финансы маселеси боюнча комиссиянын чечимин эске алып, угуп жана талкуулап   Кара-Бак айылдык кеңеши
 
 
ТОКТОМ КЫЛАТ:
 
          1. Тагнам участкасындагы айыл чарба жерлерин суу менен камсыз кылуу үчүн суу тосмо дамбасын курулуш иштерине 2221 статьясына 70,0 миң сом жана скважинасына 1 трансформатор үчүн 3112 статьясына 200,0 сом бөлунсүн.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин финансы маселеси боюнча комиссиянын төрагасына тапшырылсын.
Айылдык кеңештин төрайымы:                                  Ж.Шадиманова
 


ТОКТОМ №62
Кара-Бак айылы                                                                                2023-жылдын  1-июлу
 
Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXVII
Сессиясы

Ички жолдордуу оңдоого жана Кулунчак балдар бакчасына жергиликтүү бюджеттен каражат бөлүү жөнүндө
 
           Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамына ылайык, Кара-Бак айылдык кеңешинин финансы маселеси боюнча комиссиянын чечимин эске алып, угуп жана талкуулап   Кара-Бак айылдык кеңеши
 
 
ТОКТОМ КЫЛАТ:
 
             1. Айыл аймагындагы ички жолдоруна топурак ташып сүрүү жумуштарына 2221 статьясына 100,0 сом, Кара-Бак айылындагы кулунчак балдар бакчасына ашкана куруу үчүн өкмөттүк салым үчүн 3111 статьясына 285,0 миң сом бөлүнсүн.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин финансы маселеси боюнча комиссиянын төрагасына тапшырылсын.
 
 
Айылдык кеңештин төрайымы:                                  Ж.Шадиманова


ТОКТОМ №63
Кара-Бак айылы                                                                                2023-жылдын  1-июлу
 
Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXVII
Сессиясы

Зардалы, Кызыл-Бел жана Достук айылдарын муктаждыктарын чечүү үчүн каражат бөлүү жөнундө
 
           Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамына ылайык, Кара-Бак айылдык кеңешинин финансы маселеси боюнча комиссиянын чечимин эске алып, угуп жана талкуулап   Кара-Бак айылдык кеңеши
 
 
ТОКТОМ КЫЛАТ:
 
             1. Зардалы айылына баруучу жолдорду оңдоп түздөө үчүн 2221 статьясына 500,0 миң сом, Кызыл-Бел айылына спорт зал куруу үчүн 2221 статьясына 150,0 сом жана Достук айылына жарыктандыруу үчүн электр мамыча жана башка жабдуулар үчүн 3112 стаьясына 92,5 сом бөлүнсүн.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин финансы маселеси боюнча комиссиянын төрагасына тапшырылсын.
 
 
Айылдык кеңештин төрайымы:                                  Ж.Шадиманова