Токтомдор

Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXVI Сессиясы


ТОКТОМ №43
Кара-Бак айылы                                                                                2023-жылдын  30-майы
 
Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXVI
Сессиясы
Жеке менчик турак жайга жер участогун алууга муктаждардын тизмесин бекитүү жөнүндө
 
           Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамына ылайык, Кара-Бак айыл өкмөтүнүн сунушун карап чыгып, Айылдык кеңешинин жер маселеси боюнча комиссиянын төрагасы З.Осмоновтун билдирүүсүн эске алып, угуп жана талкуулап Кара-Бак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ 
 1.Кара-Бак айыл өкмөтүнүн тургундарынын жеке менчик турак жайга жер участогун алууга кезекке турган 2318 муктаж тизмеси бекитилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин жер  маселеси боюнча комиссиянын төрагасына тапшырылсын.
 
 
Айылдык кеңештин төрайымы                                   Ж.Шадиманова


ТОКТОМ №44
Кара-Бак айылы                                                                                2023-жылдын  30-майы
 
Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXVI
Сессиясы
 
Пайдаланып жүргөн жер аянттарын жеке менчикке бекитип берүүгө макулдук берүү жөнүндө
 
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына ылайык, Кара-Бак айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы З.Осмоновдун билдирүүсүн угуп, талкуулап пайдаланып жүргөн жер аянттарын жеке менчикке бекитип берүүгө макулдук берүү максатында  Кара-Бак айылдык кеңеши
 
ТОКТОМ  КЫЛАТ:
1.Кара-Бак айыл өкмөтүнүн аймагындагы төмөнкү тургундардын:
1.Шарапова Тажигүл Жакыповна- 0,15га  8-01-09-1005-0095
2.Сейтмуратова Ханзада Абдилазизовна 0,15га
3.Сатторова Бибиробияхон Анарбой кизи –Добо 1500м2 8-01-09-1001-1016
4.Ысманова Бүбүназакат Дүйшөбаевна -Кара-Бак 8-01-09-1001-0559
5.Темирбаева Дилбар Мейлибаевна  0,12 га 8-01-09-1004-0022
6.Дусматов Урунбой Хошимович –0,10 га 8-01-09-1002-2217
7.Акимова Үрүнса Идирисовна- 0,10га  8-01-09-1003-0445
8. Махмудова Гулноза Джумаевна -Кара-Бак 0,15га 8-01-09-1002-0096
9.Шарабидин кызы Айпери – 0,10 га  8-01-09-1001-1754
10.Аширова Кайрылай  Касымовна – 0,15 га      8-01-09-1002-0817
 
мурдатан бери турак-жай салып  пайдаланып келген жер аянттарын мыйзам чегинде жеке менчикке бекитип берүүгө макулдук берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы,  Кара-Бак айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы З.Осмоновго тапшырылсын.
 
Айылдык кеңештин төрайымы                                      Ж.Шадиманова
 
        



ТОКТОМ №45
Кара-Бак айылы                                                                                2023-жылдын  30-майы
 
Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXVI
Сессиясы
ИСКАКБ Анар-Суу Кара-Бак иш канасынын ишмердигин иш пландын негизинде кароо жөнүндө
 
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына ылайык, ИСКАКБ Анар-Суу Кара-Бак иш канасын иш пландын негизинде карап чыгып, Кара-Бак айылдык кеңешинин Мыйзамдуулук жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы М.Темиркуловтун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кара-Бак айылдык кеңеши
 
ТОКТОМ  КЫЛАТ:
1. ИСКАКБ Анар-Суу Кара-Бак иш канасы тарабынан төмөнкү сунуштар аткарылсын:
1.Бардык операцияларды банк аркылуу жүргүзүү;
2.Кеткен чыгымдар үчүн тиешелүү квитанция акт түзүү (Айлык акыга, электр энергияга анан калган сумманы чыгымдарга  жазып салышат);
3. Штаттык бирдикти түзүү.
4.Кеңешин курамын кайрадан карап чыгып түзүү.
5.Ичүүчү таза сууну сутат үчүн пайдалангандарга фото, видео Акттын             негизинде 2000 (эки миң) сом өлчөмүндө айып пул салуу;
6.Элдердеги акчаны топтоо кызматкерлердин  санын көбөйтүп, жыйнап келген суммасына карап 10% айлык акы төлөп берүү.
7.2023-жыл үчүн иш планын бекитүү.
8.Мекеме иш каналар менен таза суу акысы үчун келишим түзүү.
9.Суу чыкпаган жерлерге суу чыгаруу.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин Мыйзамдуулук жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына тапшырылсын.
 
Айылдык кеңештин төрайымы                                      Ж.Шадиманова





ТОКТОМ №46
Кара-Бак айылы                                                                                2023-жылдын  30-майы
 
Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXVI
Сессиясы
ИСКАКБ Кызыл-Конуш Кызыл-Бел иш канасынын ишмердигин иш пландын негизинде кароо жөнүндө
 
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына ылайык, ИСКАКБ Кызыл-Конуш Кызыл-Бел иш канасын иш пландын негизинде карап чыгып, Кара-Бак айылдык кеңешинин Мыйзамдуулук жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы М.Темиркуловтун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кара-Бак айылдык кеңеши
 
ТОКТОМ  КЫЛАТ:
1.ИСКАКБ Кызыл-Конуш Кызыл-Бел иш канасы тарабынан төмөнкү сунуштар аткарылсын:
1.Иш планын бекитүү.
2.Тарифтин калькулясын эсептеп чыгып өзүнүн  Кеңешинде карап,      Кара-Бак айылдык кеңешинен бекитүү.
3.Суу чыкпаган жерлерге суу чыгаруу.
4.Кара-Бак айылдык кеңешнин 09.02.2020-ж №12 чечими аткарылсын.
 
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин Мыйзамдуулук жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына тапшырылсын.
 
Айылдык кеңештин төрайымы                                      Ж.Шадиманова
 



ТОКТОМ №47
Кара-Бак айылы                                                                                2023-жылдын  30-майы
 
Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXVI
Сессиясы
АВП Ак-Суу Кара-Бак иш канасынын ишмердигин иш пландын негизинде кароо жөнүндө
 
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына ылайык, АВП Ак-Суу Кара-Бак иш канасын иш пландын негизинде карап чыгып,    Кара-Бак айылдык кеңешинин Мыйзамдуулук жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы М.Темиркуловтун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кара-Бак айылдык кеңеши
 
ТОКТОМ  КЫЛАТ:
1.АВП Ак-Суу Кара-Бак ишканасы  тарабынан төмөнкү иштер аткарылсын:
1.2023-жьш үчүниш планын түзүү,
2.Тарифти өз Кеңешинде карап чыгып  Кара-Бак айылдык Кецешинен бекитүү
3.Штаттык бирдикти бекитүү
4.Бухгалтери сапардан келгенде айылдык кеңешке тиешелүү иш  кагаздарын берүү.
 
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин Мыйзамдуулук жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына тапшырылсын.
 
Айылдык кеңештин төрайымы                                      Ж.Шадиманова





ТОКТОМ №48
Кара-Бак айылы                                                                                2023-жылдын  30-майы
 
Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXVI
Сессиясы
АВП Кызыл-Кыр Кызыл-Бел иш канасынын ишмердигин иш пландын негизинде кароо жөнүндө
 
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына ылайык, АВП Кызыл-Кыр Кызыл-Бел иш канасын иш пландын негизинде карап чыгып,    Кара-Бак айылдык кеңешинин Мыйзамдуулук жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы М.Темиркуловтун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кара-Бак айылдык кеңеши
 
ТОКТОМ  КЫЛАТ:
1.АВП Кызыл-Кыр Кызыл-Бел ишканасы  тарабынан төмөнкү иштер аткарылсын:
1.2023-жыл үчүниш планын бекитүү
2.Баткен шаарынын тургундарынын суугат суу үчүн атайын тарифин(25% кредитти төлөбөгөндөрдү эске алып)  АВП кеңешинде карап, айылдык кеңешке бекитүү.
3. Штаттык бирдикти бекитүү

 
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин Мыйзамдуулук жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына тапшырылсын.
 
Айылдык кеңештин төрайымы                                      Ж.Шадиманова







ТОКТОМ №49
Кара-Бак айылы                                                                                2023-жылдын  30-майы
 
Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXVI
Сессиясы
Кара-Бак айыл өкмөтүнүн  2021-2023-жылдарга карата Социалдык-экономикалык өнүгүү планына өзгөртүүлөрдү жана толлуктоолорду киргизүү жөнүндө.
         
 СASA-1000 Жергиликтүү коомчулуктарды колдоо долбоорунун 1Б кичи компонентинин (3-циклынын) алкагында коомчулук тарабынан тандалып алынган төмөнкү артыкчылыктуу көйгөйдү: Кара-Бак айылдык аймагындагы Алты-Адыр участасына калктуу конушту электр энергиясын тартууну Айыл өкмөтүнүн Социалдык-экономикалык өнүгүү планына киргизүү жөнүндө Кара-Бак айылдык аймагынын  “Таасир этүү коридорундагы айылдардын инвестициялык ассосациясынын”  (ТКАИА) аткаруу комитетинин төрайымы Надирова Мастира Назировнанын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кара-Бак айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXVI   сессиясы
 
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. СASA-1000 Жергиликтүү коомчулуктарды колдоо долбоорунун 1Б кичи компонентинин (3-циклынын)  алкагында Кара-Бак айылынын тургундары тарабынан тандалып алынган төмөнкү артыкчылыктуу көйгөй:  Кара-Бак айылдык аймагындагы Алты-Адыр участасына калктуу конушту электр энергиясын тартуу Кара-Бак Айыл өкмөтүнүн 2021-2023-жылдарга карата түзүлгөн Социалдык-экономикалык өнүгүү планына киргизилсин.
 
2. Ушул токтомдун  аткарылышы Кара-Бак Айыл өкмөтүнүн башчысы А.Каламбековго жүктөлсүн.
 
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин Мыйзамдуулук жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына тапшырылсын.
 
 
Айылдык кеңештин төрайымы                                   Ж.Шадиманова





ТОКТОМ №50
Кара-Бак айылы                                                                                2023-жылдын  30-майы
 
Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXVI
Сессиясы
Жолдошбай Момунов калктуу конушуна айыл статусун берүү жөнүндө
 
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына ылайык,  Кара-Бак айылдык кеңешинин Мыйзамдуулук жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы М.Темиркуловтун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Жолдошбай Момунов калктуу конушуна айыл статусун берүү максатында Кара-Бак айылдык кеңеши
 
ТОКТОМ  КЫЛАТ:
1.Кара-Бак айыл өкмөтүнүн Кызыл-Бел айылынын батыш тарабындагы Жолдошбай Момунов участкасындагы калктуу конушка айылы статусун берүүгө макулдук берилсин.
2 Жолдошбай Момунов калктуу конушуна айыл статусун берүү боюнча иш кагаздарын даярдап айыл өкмөтү тарабынан Кыргыз Республикасынын компетенттүү органдарына сунушталсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин Мыйзамдуулук жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына тапшырылсын.
 
Айылдык кеңештин төрайымы                                      Ж.Шадиманова
 





ТОКТОМ №51
Кара-Бак айылы                                                                                2023-жылдын  30-майы
 
Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXVI
Сессиясы
жергиликүү бюджетинин сметасына өзгөртүү киргизүү жөнүндө
 
           Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамына ылайык, Кара-Бак айылдык кеңешинин финансы маселеси боюнча комиссиянын чечимин эске алып, угуп жана талкуулап   Кара-Бак айылдык кеңеши
 
ТОКТОМ  КЫЛАТ:
  1.Кызыл-Бел айылындагы балдар ойноочу аянтча курууга 70 000 сом бөлүнүп, Кара-Бак айылдык кеңешинин 26.04.2023-ж №40  чечими менен бөлүнгөн 80 000 сомду кошкондо, жалпы 150 000(бир жүз элүү миң) сом 3112-статьядан 2215-стстьяга жылдырылсын.
2. Кызыл-Бел айылындагы таза суу түтүктөрүнө 3112-статьядагы            Ж. Момунов конушундагы электр мамычаларына бөлүнгөн 440000сомдон 350000 сом 2215-статьяга таза суу түтүктөрүн орнотуу үчүн жылдырылсын.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин Мыйзамдуулук жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына тапшырылсын.
 
Айылдык кеңештин төрайымы                                      Ж.Шадиманова