Токтомдор

Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXV Сессиясы"


ТОКТОМ №41
Кара-Бак айылы                                                                                2023-жылдын  23-майы
 
Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXV
Сессиясы
 
Кара-Бак айыл  өкмөтүнүн жергиликүү бюджетинин сметасына толуктоо киргизүү жөнүндө
 
           Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамына ылайык, Кара-Бак айылдык кеңешинин финансы маселеси боюнча комиссиянын чечимин эске алып, угуп жана талкуулап   Кара-Бак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ 
1.Айыл өкмөтүнүн 2-кварталындагы сметалар боюнча 3111 жана 3112 статьяларынан түрдүү чыгымдар жана кызмат көрсөтүүлөр боюнча 2215 статьясына 2500 ,0 миң сом жана 2211, 2214 статьяларына 310,0 миң  сом жылдырылып бекитилсин
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин финансы маселеси боюнча комиссиянын төрагасына тапшырылсын.
 
 
Айылдык кеңештин төрайымы                                   Ж.Шадиманова




ТОКТОМ №42
Кара-Бак айылы                                                                                2023-жылдын  23-майы
 
Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXV
Сессиясы
 
Кара-Бак айыл өкмөтүнүн аймагындагы айрым көчөлөрдүн атын өзгөртүү жөнүндө
 
Кара-Бак айыл өкмөтүнүнжергиликтү Кара-Бак айыл өкмөтүнүн сунушун жана жергиликтүү жамааттын чогулушунун протоколдорун карап   жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына ылайык Кара-Бак айылдык кеңеши
ТОКТОМ  КЫЛАТ
1.Кара-Бак айыл өкмөтүнүн аймагындагы төмөндөгү көчөлөрдүн аттарын:
Карабак айылынын :
1)“Биримдик” көчөсүн “Эргешали уулу Тынчтыкбек” атындагы көчөсү;         2)“Ынтымак” көчөсүн “Арыпбай уулу Акжол” атындагы көчөсү;
3) “Чоң-Талаа жолу” көчөсүн “Жигитали уулу Давлатбек” атындагы көчөсү;
Кызыл-Бел айылынан:
4) “Проекти 38” көчөсүн “Бахтыбаев Салим” атындагы көчөсү;
5) “Проекти 41” көчөсүн “Нурунбаев Дастан” атындагы көчөсү;
деп өзгөртүүгө  макулдук берилсин.
 
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин Мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына тапшырылсын.
 
Айылдык кеңештин төрайымы                                   Ж.Шадиманова