Токтомдор

Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXIX сессиясы



 
ТОКТОМ № 76
Кара-Бак айылы                                                                             2023-жыл  5-октябрь.
Кара-Бак  айылдык кеңешинин   VII  чакырылышынын
кезексиз XXIX сессиясы
 
Жергиликтүү Курултайды
уюштуруу жана өткөрүү жөнүндө
 
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-августундагы № 215 «Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө» Жарлыгын жана кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын 2023-жылдын 14-сентябрындагы “Элдик Курултайды өткөрүү жана делегаттарды шайлоо боюнча ишти координациялоо боюнча уюштуруу комитетинин жыйналынын 2023-жылдын 6-сентябрындагы №1 пртоколдук чечимин аткаруу жөнүндө” №2676 буйругун аткаруу максатында, Кара-Бак айылдык кенешинин VII чакырылышынын кезектеги XXIX   сессиясы
токтом кылат:
  1. Кара-Бак айыл аймагында жергиликтүү курултайды уюштуруу жана өткөрү боюнча комиссияларынын курамы 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
  2. Кара-Бак айыл аймагында жергиликтүү курултай чакыртылсын.
  3. Кара-Бак айыл аймагында жергиликтүү курултайга делегаттарды шайлоо боюнча чогулуш жана жыйындар 2-тиркемеге ылайык уюштурулсун.
  4.  Элдик курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча Кара-Бак айыл аймагынын жергиликтүү курултайы Кара-Бак айыл өкмөтүнүн Кара-Бак айылындагы маданият үйүндө(клуб) 2023-жылдын 18-ноябры  (ишемби) күнү саат 10.00 өткөрүлсүн.
  5. Баткен райондук ички иштер бөлүмүнүн милициянын Кара-Бак аймактык пункту Элдик курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча Кара-Бак айыл аймагынын жергиликтүү курултайда тартипти сактоо чараларын көрсүн.
  6. Кара-Бак айыл аймагында жергиликтүү курултайга делегаттарды шайлоо боюнча чогулуш жана жыйындарды, Жергиликтүү Курултайды даярдоо жана өткөрүүнү уюштуруу жагы айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.
 
 
 
 
Кара-Бак айылдык кеңешинин төрайымы                       Ж.Шадиманова
 
 
ФИО Кызматы  
1 Ж.Шадиманова Айылдык кеңештин төрайымы Комиссиянын төрайымы
2 Ж. Ажыкабылов Айылдык кеңештин катчысы Комиссиянын катчысы
3 Акматалиев Файзулла А/к депутаты Мүчөсү
4 Осмонов Замирбек А/к депутаты Мүчөсү
5 Абдиев Азамат А/к депутаты Мүчөсү
6 Бердибаев Казыбек А/к депутаты Мүчөсү
7 Каламбеков Турдали Дөбө айылынын башчысы Мүчөсү
8 Райымов Дуйшобек Чет-кызыл айылынын башчысы Мүчөсү
9 Калматов Жаныбек Бай Кара-Бак айылынын башчысы Мүчөсү
10 Айтбаева Адалат Достук айылынын башчысы Мүчөсү
11 Исаков Абдулла Кызыл-Бел айылынын башчысы Мүчөсү
12 Зардалы Дөбө айылынын башчысы Мүчөсү
1-тиркеме
 
 
2-тиркеме
Айылдар Жыйын өтүүчү жер Убагы Датасы Калынын саны Шайлануучу делегат Жооптуулар
1 Кара-Бак Б. Нарматов
Клуб
10.00
15.00
12-октябрь 8322 60  
2 Кызыл-Бел К. Турмаматов
А. Масалиев
10.00
15.00
13-октябрь 8123 58  
3 Чет-Кызыл Айыл башчы кенсеси 10.00 10-октябрь 2539 17  
4 Дөбө Дөбө мектеби 15.00 10-октябр 834 6  
5 Бай-Кара-Бак Медресе 10.00 11-октябрь 582 4  
6 Достук Достук айылы 10.00 14-октябрь 385 3  
7 Зардалы Мектеп 10.00 10-октябрь 256 2  
  А/а боюнча       (20861) 150  
 
 


 
ТОКТОМ № 77
Кара-Бак айылы                                                                                          2023-жыл  5-октябрь.
Кара-Бак  айылдык кеңешинин   VII  чакырылышынын
кезексиз XXIX сессиясы
 
Мектептердин жана бала бакчалардын кышка карата даярдыгы боюнча атайын комиссиянын курамын бекитүү жөнүндө.
 
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына  ылайык, Кара-Бак айылдык кеңешинин социалдык-маданий, байланыш жана коммуналдык чарба менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясынын протоколунун негизинде комиссиянын төрайымы К. Абисаламованын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кара-Бак айылдык кеңеши
токтом кылат:
  1. Кара-Бак айыл аймагында мектептердин жана бала бакчалардын кышка карата даярдыгы боюнча атайын комиссиянын курамы бекитилсин.
    1. Абдисаламова Кансулуу                 -Комиссиянын төрайымы
    2. Садирова Гулжамал                         -комиссиянын мүчөсү
    3. Бердибаев Казыбек                          -комиссиянын мүчөсү
    4. Пайзуллаева Оминахан                   -комиссиянын мүчөсү
    5. Эгемберди кызы Гуласал                -комиссиянын мүчөсү
    6. Жамалова Бурмагул                        -комиссиянын мүчөсү
    7. Имаралиева Дурия                           -комиссиянын мүчөсү
    8. Дилишатов Акылбек                       -комиссиянын мүчөсү
    9. Акматалиев Файзулло                     -комиссиянын мүчөсү
    10. Баткен райондук билим берүү бөлүмүнүн кызматкери -комиссиянын мүчөсү
    11. Баткен райондук СЭС кызматкери            -комиссиянын мүчөсү.
  2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин социалдык-маданий, байланыш жана коммуналдык чарба менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымына  тапшырылсын.
 
 
Кара-Бак айылдык кеңешинин төрайымы                       Ж.Шадиманова