Токтомдор

Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXIV Сессиясы


ТОКТОМ №28
Кара-Бак айылы                                                                               2023-жылдын  26-апрели
 
Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXIV
Сессиясы
 
Жер аянтын муниципалдык менчикке кабыл алуу  жөнүндө
 
 
           Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамына ылайык, Кара-Бак айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы З.Осмоновтун билдирүүсүн эске алып, талкуулап жер аянтын Кара-Бак айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине кабыл алууга макулдук берүү  максатында     Кара-Бак айылдык кеңеши
 
ТОКТОМ КЫЛАТ:
 
1.Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын                   03.08.2022-жылдагы №32т токтому менен Кара-Бак айыл өкмөтүнүн            Кызыл-Бел айылынын түштүк-батыш тарабындагы өндүрүштүк иш каналарды куруу үчүн “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына  которулган №264,265-контурларындагы 25,0  га жер аянтын Кара-Бак айыл өкмөтүнүн  муниципалдык менчигине алууга макулдук берилсин.
 
2.Ушул  токтомдун  аткарылышын  көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасына тапшырылсын. 
 
 
 
 
Айылдык кеңештин төрайымы                                   Ж.Шадиманова


ТОКТОМ №29
Кара-Бак айылы                                                                               2023-жылдын  26-апрели
 
Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXIV
Сессиясы

 
Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXIV
Сессиясы
 
Жер аянтын муниципалдык менчикке кабыл алуу  жөнүндө
 
 
           Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамына ылайык, Кара-Бак айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы З.Осмоновтун билдирүүсүн эске алып, талкуулап жер аянтын Кара-Бак айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине кабыл алууга макулдук берүү  максатында     Кара-Бак айылдык кеңеши
 
ТОКТОМ КЫЛАТ:
 
Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын 03.08.2023-жылдагы №31т токтому менен Кара-Бак айыл өкмөтүнүн  Кызыл-Бел айылынын батыш тарабындагы социалдык обьектилерди (мектеп, балдар бакчасы, оорукана) куруу үчүн “Калктуу конуштун жерлери”  категориясына которулган №47,49,50,51,119,120,124,125,126, 128,129,130,132,133,144,155,156,157,158,159,160,161,164 контурларындагы 74,0  га  жер,  №46, 47 ,49, 50, 51, 52, 53, 54,  55, 76, 119, 120, 122, 124, 125,
126, 127, 128, 129, 130, 131, 132, 133, 156, 157, 158, 159, 160, 161, 164, 170,173 контурларыгдагы  60,60 га жер жана №152,154-контурларында жайгашкан 12,6 га  жер, жалпы 147,20 га жер аянтын Кара-Бак айыл өкмөтүнүн  муниципалдык менчигине алууга макулдук берилсин.
 
2.Ушул  токтомдун  аткарылышын  көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасына тапшырылсын. 
 
 
Айылдык кеңештин төрайымы                                   Ж.Шадиманова
 


ТОКТОМ №30
Кара-Бак айылы                                                                               2023-жылдын  26-апрели

Жер аянтын трансформациялоого макулдук берүү жөнүндө
 
           Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июль айындагы    145  "Жерлерди которуу ( трансформациялоо) жөнүндөгү" мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 13-беренесинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы № 169 сандуу токтомун жетекчиликке алып, ГЭС куруу үчүн жер аянтын которууга макулдук берүү    максатында Кара-Бак айылдык кеңеши
 
ТОКТОМ КЫЛАТ:
 
1.Кара-Бак айыл өкмөтүнүн Зардалы айылынын Талаа участкасынан №1022-контурунда 2,07 га жер аянтын, №1041-контурунда жайгашкан  0,17 га таштуу жер аянтын, №1044-контурунда жайгашкан 0,51 га жер аянтын, №1040-контурунда жайгашкан  0,27 га токой аянттары(лес), №1047-контурунда жайгашкан  0,67 га токой аянттары(лес), №1026-контурунда жайгашкан  1,04 га башка жер аянты(камни), №1032-контурунда жайгашкан  1,94 га башка жер аянты(камни), №969-контурунда жайгашкан  0,20 га башка жер аянты(камни), №1039-контурунда жайгашкан  0,38 га башка жер аянты(осыпь), №972-контурунда жайгашкан  1,04 га дарыянын нугу жер аянттарын, жалпы 8,29 га жер аянтын  кубаттуулугу 29 М/Вт болгон  ГЭС куруу үчүн “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга макулдук берилсин.
2.Ушул  токтомдун  аткарылышын  көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасына тапшырылсын. 
 
 
Айылдык кеңештин төрайымы                                   Ж.Шадиманова




ТОКТОМ №31
Кара-Бак айылы                                                                               2023-жылдын  26-апрели
 
Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXIV
Сессиясы
Жер аянтынын башкы планын бекитип берүүгө макулдук берүү жөнүндө
 
           Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына ылайык,, Кара-Бак айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиянын мүчөсү А.Дилишатовтун билдирүүсүн эске алып, талкуулап жер аянтынын башкы планын бекитип берүүгө макулдук берүү максатында Кара-Бак айылдык кеңеши
 
ТОКТОМ КЫЛАТ:
 
1. Кара-Бак айылындагы АВМ жана Жаны короо участкаларындагы мечит курулуучу жер аянттарынын башкы планын бекитип берүүгө макулдук берилсин.
2.Ушул  токтомдун  аткарылышын  көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасына тапшырылсын. 
 
 
Айылдык кеңештин төрайымы                                   Ж.Шадиманова

 


ТОКТОМ №32
Кара-Бак айылы                                                                               2023-жылдын  26-апрели
 
Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXIV
Сессиясы

Пайдаланып жүргөн жер аянттарын жеке менчикке бекитип берүүгө макулдук берүү жөнүндө
 
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына ылайык, Кара-Бак айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы З.Осмоновтун билдирүүсүн угуп, талкуулап пайдаланып жүргөн жер аянттарын жеке менчикке бекитип берүүгө макулдук берүү максатында  Кара-Бак айылдык кеңеши
 
ТОКТОМ  КЫЛАТ:
1.Кара-Бак айыл өкмөтүнүн аймагындагы төмөнкү тургундардын:
1.Мараимова Айжаркын Абдикуттузовна-0,15 га 8-01-09-1002-0519
2.Сайдалиева Нургүл Басировна - 0,10 га Кызыл-Бел айылы
3. Иброхим кызы Айпери - 0,10 га 8-01-09-1001-2229
4.Матмуратова Жыпаргүл  Сражидиновна- 0,15 га 8-01-09-1001-425
5.Полотбаева Батма Ысмайыловна - 0,15 га 8-01-09-1003-0195
6.Ходжаева Гүлнар Бегалиевна - 0,10 га 8-01-09-1001-1582
7.Ахматова Айгүл Гапаровна - 0,10 га  8-01-09-1001-1781
8.Намазова Зуура Жолдошовна -0,15-га 8-01-09-1001-1226
9.Ташбаева Бүүнса Медетовна - 0,15 га 8-01-09-1003-0116
10.Назирова Басархан Жакыповна- 0,09 га Достук
11.Махманаби кызы Мунира 0,15 га  8-01-09-1001-0763
12.Жамалова Курбанбүүш Сабировна-8-01-09-1003-0259
13.Толубай кызы Аида 0,10 га Кызыл-Бел
 
мурдатан бери турак-жай салып  пайдаланып келген жер аянттарын мыйзам чегинде жеке менчикке бекитип берүүгө макулдук берилсин.
 
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы,  Кара-Бак айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы З.Осмоновго тапшырылсын.
 
Айылдык кеңештин төрайымы                                      Ж.Шадиманова
 


ТОКТОМ №33
Кара-Бак айылы                                                                               2023-жылдын  26-апрели
 
Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXIV
Сессиясы

Жер аянтын трансформациялоого макулдук берүү жөнүндө
 
           Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июль айындагы    145  "Жерлерди которуу ( трансформациялоо) жөнүндөгү" мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 13-беренесинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы № 169 сандуу токтомун жетекчиликке алып, Бай-Кара-Бак айылына таза суу кампасын куруу үчүн жер аянтын которууга макулдук берүү максатында Кара-Бак айылдык кеңеши
 
ТОКТОМ КЫЛАТ:
 
1.Кара-Бак айыл өкмөтүнүн Бай-Кара-Бак айылынын                          №232-контурунда 0,10 га жайыт жер аянтын таза-суу кампа куруу үчүн “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга макулдук берилсин.
2.Ушул  токтомдун  аткарылышын  көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасына тапшырылсын. 
 
 
Айылдык кеңештин төрайымы                                   Ж.Шадиманова




ТОКТОМ №34
Кара-Бак айылы                                                                               2023-жылдын  26-апрели
 
Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXIV
Сессиясы


Кара-Бак айылындагы борбордук парктын генпланын чийүүгө макулдук жөнүндө
 
           Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына ылайык, Кара-Бак айыл өкмөтүнүн башчысы А.Каламбековдун билдирүүсүн угуп, талкулап Кара-Бак айылындагы борбордук парктын генпланын чийүүгө макулдук берүү  максатында     Кара-Бак айылдык кеңеши
 
ТОКТОМ КЫЛАТ:
 
1.Кара-Бак айылындагы борбордук парктын генпланын чийүүгө макулдук берилсин.
2.Ушул  токтомдун  аткарылышын  көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасына тапшырылсын. 
 
 
Айылдык кеңештин төрайымы                                   Ж.Шадиманова
 



ТОКТОМ №35
Кара-Бак айылы                                                                               2023-жылдын  26-апрели
 
Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXIV
Сессиясы

Сугат суу боюнча айып пул белгилөө   жөнүндө
 
 
           Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына ылайык, Кара-Бак айылдык кеңешинин Мыйзамдуулук жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссиясынын мүчөсү Д.Сапаровтун билдирүүсүн эске алып, талкуулап  Кара-Бак айылдык кеңеши
 
ТОКТОМ КЫЛАТ:
 
1.Кара-Бак айыл өкмөтүнүн аймагында сугат суу лоток, турба,канал, ж.б. атайын же башка себептер бузулса,  жорук жасаган адам тарабынан келтирилген зыян баштапкы  калыбына келтирилсин жана 5000(беш миң) сом айып пул салынсын.
2.Авто жолго суу ашырылса, жорук жасаган адам тарабынан жол баштапкы калыбына келтирилсин жана 2000 (эки миң) сом айып пул салынсын.
3.Ушул токтомду Айыл өкмөтүнүн аймагында аткарып иш алып баруу жагы тиешелүү СПА жетекчилерине милдеттендирилсин.
4. Ушул  токтомдун  аткарылышын  көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин Мыйзамдуулук жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына тапшырылсын. 
 
Айылдык кеңештин төрайымы                                   Ж.Шадиманова
 

 



ТОКТОМ №36
Кара-Бак айылы                                                                               2023-жылдын  26-апрели
 
Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXIV
Сессиясы

Коомдук алдын алуу борборунун мүчөлөрунүн курамын бекитип берүүгө макулдук берүү жөнүндө
 
           Кара-Бак айыл аймагынын  “Коомдук алдын алуу борбору” КБ төрагасы А.Бааназаровтун суншунун негизинде мүчөлөрүнүн курамын бекитүүгө  макулдук берүү  максатында     Кара-Бак айылдык кеңеши
 
ТОКТОМ КЫЛАТ:
 
Кара-Бак айыл аймагынын “Коомдук алдын алуу борбору” КБ мүчөлөрү төмөнкүдөй курамы бекитилсин.
КААБнын төрагасы:                                          А.Бааназаров
Орун басары:                                                     Медетбек у Кеңешбек
Катчы:                                                                Ж.Шайдуллаева
 
Мүчөлөр:
Соц. адис:                                                           Жарматов Ш.
                                                                            Д.Кошбаев.
Педагог:                                                             А.Кулова
Жаштар комитети:                                             Муктаров М.
Балдардын иштеринин
Инспексиясынын инспектору:                           Нематов Умарбек
Участкалык инспектор:                                      Токтобай у Орозбай
Чет-Кызыл айылынын башчысы:                      Д.Райымов
Кызыл-Бел а.т.                                                   Шайдулла Жолдошов
Айылдык кеңештин катчысы:                            К.Амиракулов
КААБнын ревизору:                                          С.Дүйшөев
2.Ушул  токтомдун  аткарылышын  көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин төрагасынын орун басарына  тапшырылсын. 
 
Айылдык кеңештин төрайымы                                   Ж.Шадиманова




ТОКТОМ №37
Кара-Бак айылы                                                                               2023-жылдын  26-апрели
 
Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXIV
Сессиясы

Жергиликтүү жамаатарынын типтүү уставын бекитип  берүү  жөнүндө
 
 
           Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына ылайык, Кара-Бак айылдык кеңешинин Мыйзамдуулук жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссиясынын мүчөсү Д.Сапаровтун билдирүүсүн эске алып, талкуулап Кара-Бак айыл өкмөтүнүн Жергиликтүү жамаатарынын типтүү уставын бекитип  берүү  максатында     Кара-Бак айылдык кеңеши
 
ТОКТОМ КЫЛАТ:
 
1.Кара-Бак айыл өкмөтүнүн  Жергиликтүү жамаатарынын типтүү уставы бекитилсин(Тиркеме тиркелет).
 
2. Ушул  токтомдун  аткарылышын  көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин Мыйзамдуулук жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына тапшырылсын. 
 
 
Айылдык кеңештин төрайымы                                   Ж.Шадиманова



 



ТОКТОМ №38
Кара-Бак айылы                                                                               2023-жылдын  26-апрели
 
Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXIV
Сессиясы

Р.Джолматовдун арызын кароо жөнүндө
 
 
           Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына ылайык, Кара-Бак айылдык кеңешинин депутаты Р.Джолматовтун арызын канааттандыруу максатында Кара-Бак айылдык кеңеши
 
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кара-Бак айылдык кеңешинин депутаты Р.Джолматовдун Экономика-финансы, бюджет, салык маселелери боюнча  туруктуу комиссиясына мүчө болуусуна макулдук берилсин.
2. Ушул  токтомдун  аткарылышын  көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин Мыйзамдуулук жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына тапшырылсын. 
 
 
Айылдык кеңештин төрайымы                                   Ж.Шадиманова



ТОКТОМ №39
Кара-Бак айылы                                                                               2023-жылдын  26-апрели
 
Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXIV
Сессиясы

Сасык ферула (чайыр) жыйноого уруксат берүүнү             токтотуу
жөнүндө
 
           Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына ылайык, Зарадалы айылынын тургундарынын арызынын карап чыгып,  Кара-Бак айылдык кеңешинин Мыйзамдуулук жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссиясынын мүчөсү Д.Сапаровтун билдирүүсүн эске алып, талкуулап  Кара-Бак айылдык кеңеши
 
 
ТОКТОМ КЫЛАТ
 
1.КРнын Министрлер кабинетинин төрагасынын 2022-жылдын                    15-июлундагы № 388 токтомунун 5-пунктуна ылайык Кара-Бак айыл өкмөтүнүн аймагында сасык ферула (чайыр) жыйноого уруксат берүү токтотулсун.
 
2.Аталган токтомду аткаруу жагы Кара-Бак айыл өкмөтү жана Жайыт комитетине милдеттендирилсин.
 
3. Кара-Бак айыл өкмөтүнүн аймагында 2023-жылга чейин сасык ферула (чайыр) жыйноого жана урук себүүгө уруксат берилген ижара жерлер тууралуу ижара акы. соц пакет ж.б. толук маалымат берүү боюнча айыл өкмткө протоколдук тапшырма берилсин.
 
4. Ушул  токтомдун  аткарылышын  көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин Мыйзамдуулук жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына тапшырылсын. 
 
 
Айылдык кеңештин төрайымы:                                  Ж.Шадиманова
 




ТОКТОМ №40
Кара-Бак айылы                                                                               2023-жылдын  26-апрели
 
Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXIV
Сессиясы
 
 Балдар ойночу аянча куруу үчүн” каражат бөлүү жөнүндө
 
           Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына ылайык, Кара-Бак айылдык Экономика-финансы, бюджет, салык маселелери боюнча  туруктуу комиссиясына мүчөсү К.Тупчиловтун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кара-Бак айылдык кеңеши
 
ТОКТОМ КЫЛАТ
 
1.Кызыл-Бел айылына “Балдар ойночу аянча куруу үчүн” Кара-Бак айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен 80 000 сом бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Ушул  токтомдун  аткарылышын  көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин Экономика-финансы, бюджет, салык маселелери боюнча  туруктуу комиссиясынын төрагасына тапшырылсын. 
 
 
Айылдык кеңештин төрайымы:                                  Ж.Шадиманова