Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XVI сессиясы
ТОКТОМ №54
Кара-Бак айылы 2022-жылдын 23-сентябрь
Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XVI
сессиясы
Кызыл-Бел жана Достук айылдарын өз алдынча айыл аймак болуусуна макулдук берүү жөнүндө
Кара-Бак айыл аймагынын тургундарынын 20.08.2022-жылдагы коомдук угуунун протоколунун карап чыгып, Чек арадагы кырдаалды эске алып Кара-Бак айыл өкмөт башчысынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кызыл-Бел жана Достук айылдарын өз алдынча айыл аймак болуусуна макулдук берүү максатында Кара-Бак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кара-Бак айыл аймагындагы Кара-Бак, Бай-Кара-Бак, Достук Дөбө, Зардалы, Кызыл-Бел, Чет-Кызыл айылдарынан Кызыл-Бел жана Достук айылдары бөлүнүп чыгып Кызыл-Бел административдик-аймактык бирдик болуусуна макулдук берилсин.
2.Кара-Бак айыл аймагынын Достук жана Кызыл-Бел айылдары Кара-Бак айыл аймагынан бөлүнүүгө жана жаңы түзүлгөн Кызыл-Бел айыл аймагынын курамына кошууга уруксат берилсин.
3.Тиешелүү болгон юридикалык документтерин даярдап жөнөтүү жагы Кара-Бак айыл өкмөт башчысына тапшырылсын.
4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин мыйзамдуулук маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына милдеттендирилсин.
Айылдык кеңештин төрагасынын
орун басары: Ж.Туланов