Токтомдор

Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXXVIII сессиясы

     
 
ТОКТОМ № 21
 
Кара-Бак айылы                                                                            22-апрель 2024-жыл.
 
 
Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXXVIII сессиясы
 
Кара-Бак айыл өкмөтүнүн 2024-жылга түзүлгөн бюджетине өзгөртүү киргизүүнү бекитүү жөнүндө
 
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” 2021-жылдын  20-октябры    № 123 мыйзамынын  3-главасынын 34-беренесинин 2-пунктунун 2-пунктчасына жана Кара-Бак айылдык кеңешинин Экономика-финансы, бюджет, салык маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусуна ылайык Кара-Бак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2024-жылдын жергиликтүү бюджетинин сметасына киргизилген өзгөртүүлөрдүн жалпы суммасы 1422,0 миң сомду кыскартуу менен түзүлгөн акча каражаттарынын сметасынын расшифровкалары бекитилсин.
 
  Статья Чыгымдардын аталышы План Өзгөртүү Калдык
1 ГСМ 22141100 Вет врач, соц адис, майыптар, эл соту, мектеп ГСВ 0 0 110,1
2 ГСМ 22141100 Айыл ичндеги жолдорду тегиздөө 0 0 123,8
3 Түрдүү чыгым 22154900 Баткен РЭС тансформаторлорго рабочий проект 0 0 500,0
4 Түрдүү чыгым 22154900 Жолбун иттерге каршы иш чараларды уюштуруу 223 0 68,1
5 Нег. Каражат 31111220 Сай уч К. Жакыпов 15 столбам 9 метр 1 трансформатор  355   200
6 Нег. Каражат 31122900 Трансформатор 1 даана 0 0 420
            1422,0
11. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин Экономика-финансы, бюджет, салык маселелери боюнча  туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
 
 Айылдык кеңештин төрайымы                                   Ж.Шадиманова.
 
 
 
 
ТОКТОМ № 22
Кара-Бак айылы                                                                            22-апрель 2024-жыл.
 
 
Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXXVIII сессиясы
 
 
“Алты-Адыр таза суу муниципалдык ишканасына” каражат бөлүп берүү жөнүндө.
 
       Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына ылайык, Кара-Бак айылдык кеңешинин Экономика-финансы, бюджет, салык маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын чечиминин негизинде тамчылатып сугаруу менен бак өстүрүү долбоорун колдоо максатында Кара-Бак айылдык кеңеши
 
ТОКТОМ  КЫЛАТ:
 
  1. “Алты-Адыр таза суу муниципалдык ишканасына” Кара-Бак айыл аймагынын Алты-Адыр жаңы конушуна тамчылатып сугаруу менен бак өстүрүү долбоорун колдоо максатында 1500,0 миң сом акча каражатын Зардалы айылына көпүрө үчүн бөлүнгөн акча каражаттарынан бөлүп берүүгө макулдук берилсин.  
 
  1. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин Экономика-финансы, бюджет, салык маселелери боюнча  туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
  
Айылдык кеңештин төрайымы:                                  Ж.Шадиманова
 
 

 
ТОКТОМ № 23
Кара-Бак айылы                                                                            22-апрель 2024-жыл.
 
 
Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXXVIII сессиясы
Пайдаланып жүргөн жер аянтын жеке менчикке бекитип берүүгө макулдук берүү жөнүндө
 
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”  мыйзамына ылайык, Кара-Бак айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиянын №20 протоколунун негизинде  пайдаланып жүргөн жер аянттарын жеке менчикке бекитип берүүгө макулдук берүү максатында  Кара-Бак айылдык кеңеши
 
ТОКТОМ  КЫЛАТ:
  1. Кара-Бак айыл өкмөтүнүн Кара-Бак айылынын тургуну 
Матайипова Омина Рахмидиновнанын 8-01-09-1005-0064 идентификациялык кодундагы мурдатан бери турак-жай салып  пайдаланып келген 817 м2 жер аянтын мыйзам чегинде жеке менчикке бекитип берүүгө макулдук берилсин.
  1. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы,  Кара-Бак айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына тапшырылсын.
 
 Айылдык кеңештин төрайымы:                                  Ж.Шадиманова.
 
 
 
 

 
ТОКТОМ № 24
Кара-Бак айылы                                                                            22-апрель 2024-жыл.
 
 
Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXXVIII сессиясы
 
Кызыл-Бел айылынын түндүк тарабындагы 2,75 га жер аянтын которууга (трансформациялоого) макулдук берүү  жөнүндө.
        
 
Кыргыз Республикасынын 15.07.2013-жылдагы №145 “Жерлерди которуу (трансформациялоо) жөнүндөгү” Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын жер кодексинин 13-беренесинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 19.03.2014-жылдагы №169 сандуу токтомун жана “Кыргызмамжердолбоор” Баткен жерге жайгаштыруу экспедициясынын 05.03.2024-жылдагы №01-13/1103 сандуу аныктамасынын негизинде Кара-Бак айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Бел айылынын түндүк тарабындагы 2,75 га жер аянтынын категориясын которуу максатында Кара-Бак айылдык кеңеши
 
ТОКТОМ КЫЛАТ
 
1. Кара-Бак айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Бел айылынын түндүк тарабындагы №224-контурунда жайгашкан 2,75 га жер аянтынын “Таштуу жайыт жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга (трасформациялоого) макулдук берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына тапшырылсын.
 
 
 
Айылдык кеңештин төрайымы:                                  Ж.Шадиманова.
 
 
 
 
 
 
ТОКТОМ № 25
Кара-Бак айылы                                                                            22-апрель 2024-жыл.
 
 
Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXXVIII сессиясы
 
Жер аянтын убактылуу пайдаланууга берүүгө макулдук берүү жөнүндө
 
 
Кара-Бак айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап  Кызыл-Бел айылынын түштүк тарабындагы 21,036 га жер аянтын насостук станция куруп, тамчылатып суугаруу үчүн пайдаланууга берүү максатында Кара-Бак айылдык кеңеши
ТОКТОМ  КЫЛАТ:
 
1. Кара-Бак айыл өкмөтүнүн Кызыл-Бел айылынын түштүк тарабынан  насостук станция курууга жана труба койула турган корголуучу жерлери менен  6,917 га,   тамчылатып сугаруу үчүн 14,119 га жалпы  21,036 га жер аянтынын убактылуу пайдаланууга берүүгө макулдук берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин жер маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына тапшырылсын.
 
 
 Айылдык кеңештин төрайымы:                                  Ж.Шадиманова.
 
 
 
 
 
 
 
 
ТОКТОМ № 26
 
Кара-Бак айылы                                                                            22-апрель 2024-жыл.
 
 
Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXXVIII сессиясы
 
Коомдук алдын алуу борборунун курамын бекитүү  жөнүндө
 
           Кара-Бак айыл аймагынын  “Коомдук алдын алуу борбору” КААБ төрагасы А.Бааназаровдун сунушунун, Кара-Бак айылдык кеңешинин мыйзамдуулук жана инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясынын №3 протоколунун негизинде   Кара-Бак айылдык кеңеши
 
 
ТОКТОМ КЫЛАТ:
 
  1. Кара-Бак айыл өкмөтүнүн элдик чогулушунун №1 протоколунун чечимин бекитилсин.
  2. КААБдын төмөнкү 11 адамдан турган курамы: КААБдын туруктуу иш алып баруучу кенеши болуп бекитилсин.
 
  1. Бааназаров Абдимитал        КААБ төрагасы
  2. Кулова Аида                         орун басары
  3. Ырысбек кызы Айчүрөк     катчысы
  4. Амиракулов Келдибек        ревизор
  5. Сапаров Курбанбек             Кара-Бак айылдык Аксакалдар сотунун төрагасы
  6. Мамажан кызы Тахмина     Кара-Бак айылдык Аялдар кеңешинин төрайымы
  7. Жээнбеков Алишер             Кара-Бак айылдык Аксакалдар кеңешинин төрагасы
  8. Амитов Эрмек                      Кара-Бак айылдык Жаштар кеңешинин төрагасы
  9. Жарматов Шамшидин         соц адис
  10. Мунарбек Нарматов            балдар мн иштөө инспектору
  11. Токтобай уулу Орозбай      участкалык инспектор
 
2.Ушул  токтомдун  аткарылышын  көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин төрагасынын орун басарына  тапшырылсын. 
  
Айылдык кеңештин төрайымы                                   Ж.Шадиманова.
 
 

 
ТОКТОМ № 27
 
Кара-Бак айылы                                                                            22-апрель 2024-жыл.
 
 
Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXXVIII сессиясы
 
Кызыл-Бел айылындагы көчөнүн атын өзгөртүү жөнүндө
 
 
 
           Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамына ылайык, Кызыл-Бел айылынын тургундардын кайрылуусун карап чыгып,  Кара-Бак айылдык кеңешинин Мыйзамдуулук жана инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиянын билдирүүсүн эске алып, угуп жана талкуулап Кызыл-Бел айылындагы көчөнүн атын өзгөртүү максатында Кара-Бак айылдык кеңеши
Токтом кылат 
1. Кызыл-Бел айылындагы “Келечек” көчөсүн  “Мейлибаев Сиражидин” атындагы көчө деп өзгөртүүгө макулдук берилсин.
2. Тиешелүү иш-кагаздарын даярдап каттоо жагы Кара-Бак айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиянын төрагасына тапшырылсын.
 
 Айылдык кеңештин төрайымы                                   Ж.Шадиманова.
 
 
 
 
 
 
 
 

 
ТОКТОМ № 28
 
Кара-Бак айылы                                                                            22-апрель 2024-жыл.
 
 
Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXXVIII сессиясы
 
Кызыл-Бел айылындагы магистралдык Р-5 сугат суу каналына   ат койуу жөнүндө.
 
 
 
           Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамына ылайык,  Кара-Бак айыл өкмөтүнүн сунушун карап чыгып,  Кызыл-Бел айылындагы магистралдык Р-5 сугат суу каналына ат койуу максатында Кара-Бак айылдык кеңеши
 
Токтом кылат 
1. Кызыл-Бел айылындагы магистралдык Р-5 сугат суу каналын “Турсунбеков Чыныбай Акунович атындагы канал” деп атоого макулдук берилсин.
2. Тиешелүү иш-кагаздарын даярдап каттоо жагы Кара-Бак айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиянын төрагасына тапшырылсын.
 
 
 Айылдык кеңештин төрайымы                                   Ж.Шадиманова.
 
 
 
 
 
 

 
ТОКТОМ № 29
 
Кара-Бак айылы                                                                            22-апрель 2024-жыл.
 
 
Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXXVIII сессиясы
 
Кара-Бак айылдык кенешинин, КААБ нун, жаш өспүрүмдөр менен иш алып баруучу инспекторунун,  жаш өспүрүмдөр арасында кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча иш алып баруу  жөнүндө.
 
 
 
           Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамына ылайык,  Кара-Бак айылдык кенешинин, КААБ нун, жаш өспүрүмдөр менен иш алып баруучу инспектору менен биргеликте түзүлгөн иш планынын негизинде жүргүзүлгөн рейддин жыйынтыгы аткарган иштерин карап чыгып,  Кара-Бак айылдык кеңеши
 
Токтом кылат 
1. Кара-Бак айылдык кенешинин, КААБ нун, жаш өспүрүмдөр менен иш алып баруучу инспектору менен биргеликте түзүлгөн иш план боюнча аткарган иштери канааттандырарлык деп табылсын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиянын төрагасына тапшырылсын.
 
 
 
 
Айылдык кеңештин төрайымы                                   Ж.Шадиманова.